!!FUZZY!!Кыймылдын жобосу
Appearance
Outdated translations are marked like this.
Кыймылдын жобосу — Викимедиа кыймылынын бардык мүчөлөрүнүн жана уюмдарынын ролдору менен милдеттерин аныктаган, ошондой эле Кыймылды башкаруучу Глобалдуу кеңешти түзүү үчүн сунушталган документ.
Кыймылдын жобосу Кыймылдын стратегиясынын артыкчылыгы.
Учкай маалымат
Кыймылдын стратегиясындагы «Чечим кабыл алууда тең укуктуулукту камсыз кылуу» сунушу боюнча Кыймылдын жобосу:
- Кыймылдын түзүлүштөрүнүн баалуулуктарын, негизги принциптерин жана укуктук негизин, ошондой эле Глобалдуу кеңештин, чөлкөмдүк жана тематикалык хабдардын жана башка учурдагы жана жаңы түзүлүштөрдүн жана чечим кабыл алуучу органдардын ролдору менен милдеттерин белгилеши керек;
- бүтүндөй Кыймылдын алкагында мыйзамдуу жана бардык кызыкдар тараптардын ишенимине ээ болгон чечимдер жана процесстер үчүн талаптар менен критерийлерди белгилеши керек:
- биргелешип иштөө үчүн коопсуз чөйрө түзүү үчүн;
- бүтүндөй Кыймылдын алкагында каржы кирешелерин алууну жана алардын бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу үчүн;
- тийиштүү отчёттуулук механизмдери аркылуу ресурстардын бөлүштүрүлүшүн жөнгө салуу үчүн;
- жамааттардын биргелешип иштөө жана бири-бирине отчёт берүү жолдорун аныктоо үчүн;
- катышуудан эмне күтүлүүлөрүн жана катышуучулардын укуктарын белгилөө үчүн.
Убакыт түрмөгү
Бул өзгөрмө убакыт түрмөгү. Анда жалпы-жонунан Кыймылдын жобосун түзүү кадамдары көрсөтүлгөнү менен, күндөрү кийинчерээк өзгөрүлүшү мүмкүн. Бул өзгөртүүлөр процесстин шаштырбоо үчүн, айрыкча жамаат жана башка кызыкдар тараптар менен кеңешкенде, себеби мындай кеңешүүлөрдү убакыт жагынан так чектөө оңой эмес.
Мөөнөт | Кадам |
---|---|
ноябрь 2021―январь 2022 | - колдоо тутумдарын түзүү жана Жумушчу тобун бутка тургузуу; - изилдөө жана маалымат топтоо |
февраль 2022―октябрь 2022 | - изилдөө жана маалымат топтоо; - бардык кызыкдар тараптар менен Жобонун мазмунунун баштапкы долбоорун түзүү |
ноябрь 2022 | Жобо долбоорунун бөлүмдөрүнүн биринчи топтомун («Кириш сөз», «Баалуулуктар жана принциптер» жана «Ролдорго жана жоопкерчиликке карата ниеттер жөнүндө билдирүү») жарыяланган |
ноябрь 2022―январь 2023 | Жобо долбоорлорунун бөлүмдөрүнүн биринчи топтому боюнча Жамаат менен кеңешүү |
февраль 2023―март 2023 | пикирлерди талдоо, сунушталган бөлүмдөрдүн биринчи топтомун кайра карап чыгуу |
апрель 2023 | Жамаат менен Жобо долбоорун бекитүүнүн жол-жобосун талкуулоо |
апрель 2023―июль 2023 | Жобо долбоорунун калган бөлүмдөрүнүн баштапкы текстин түзүү |
июль 2023 | Жобо долбоорунун бөлүмдөрүнүн экинчи топтому («Хабдар», «Глобалдуу кеңеш», «Ролдор жана жоопкерчилик» жана «Глоссарий») жарыяланды |
июль 2023―сентябрь 2023 | Жобо долбоорлорунун бөлүмдөрүнүн экинчи топтому боюнча Жамаат менен кеңешүү |
сентябрь 2023―декабрь 2023 | MCDC consultations at local events |
ноябрь 2023―март 2024 | Review of feedback and second iteration drafting of full Movement Charter |
2 апрель 2023 | First version of the full Movement Charter published |
апрель 2024 | Community engagement on the full charter draft |
май 2024―июнь 2024 | Finalization of the full charter text based on community feedback Preparation for the ratification vote of the Movement Charter |
10 июнь 2024 | Publication of the final version of the Movement Charter text |
25 июнь 2024―9 июль 2024 | Жобо долбоорун бекитүү |