Jump to content

Борбор азиялык WikiCon 2025/Өтүүчү жер

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Central Asian WikiCon 2025/Venue and the translation is 100% complete.

Ташкент

Ташкент - Өзбекстандын эң ири шаары жана борбору. 2 миң жылдан ашык тарыхы бар азыркы мегаполис 1966 - жылы болгон жер титирөөдөн кийин калыбына келтирилген. "Азия социализминин көргөзмөсү" катары кайра түзүлгөндүктөн, ага кеңири жолдор, жогорку функционалдуу транспорттук тутум жана көптөгөн имараттар берилди. Азыр ал Советтик модернисттик архитектуранын уникалдуу жергиликтүү версиясынын эстеликтерин катары эсептелет.

Советтик мезгилден бери Ташкент мегаполис болуп, көп маданий негиздерин жоготкон жок. Бул жерде башкы улуттук топ өзбектер болсо да, орустар, казактар, украиндер, кореялыктар ж.б. сыяктуу башка улуттар дагы көп. Өзбек тили расмий тил болсо да, Ташкентте орус тили дагы деле кеңири колдонулууда, англис жана түрк тили да акыркы 20 жылда популярдуулукка ээ болду.

Шаарда интернетсиз багыт алуу үчүн телефонго Яндекс.Картасын же 2ГИС тиркемелерин жүктөп колдонсоңуз болот(жана калса транспорттук маршруттарды түзүү жана уюмдарды табуу үчүн дагы). Ошондой эле Google картасы дагы шаарда колдонууга жеткиликтүү.

Сиз ошондой эле Wikivoyage макалаларын дагы карап чыксаңыз болот "Tashkent".

Жыйындар залы

Map
Diplomat International School

Борбор Азия ВикиКон 2025 Өзбекистандын Ташкент шаарында жайгашкан Diplomat International School жеринде болуп өтөт. Diplomat International School - бул 2018-жылдан бери иштеп келе жаткан мамлекеттик эмес жогорку сапаттагы мектеп. Мектеп эки хаманбап окуу корпусунан туруп, Ташкенттин эң алдынкы мамлекеттик эмес мектептеринин катарына кирет.

Кантип таап баруу керек?

Map
Diplomat International School

Ташкенттеги даректер кээде картада көрсөтүлгөндөй болуп чыныда дал келбей калышы мүмкүн. Яндекс.карталар жага 2ГИС аркылуу текшерилген дарек - Махтумкули көчөсү 1/4, Ташкент, Өзбекистан. Ал Ташкенттин Йашнабод районунда, "Mashinasozlar" метросуна жакын. Метродон чыккандан кийин 190 автобус каттамы менен "Harbiy qism" ("Азкердик база") бекетине барасыз, ал метродон чыккан кийинки 4 - бекет. Ошондой эле 18чи же 44чү автобустук каттамдары менен колдонсоңуз дагы болот.

Ташкентте метро же автобус каттамдары 2,000 сум турат (болжолдуу 13-15 сом), акчалай же Виза же Мастеркарт карталары менен төлөө жеткиликтүү.

Жата кана

Map
LOTTE City Hotel Tashkent Palace

Конференциянын стипендия алуучулары LOTTE City Hotel Tashkent Palace мейманканасына жайгаштырылат. Өзүн өзү карыжлоочу катышуучулар да бул мейменканада калса болот, бирок алдын ала өз алдынча брондоо зарыл.

  • Мейманканага жайгашуу 14:00 дөн баштап жеткиликтүү
  • Мейманканадан чышуу: 12:00 га чейин

Эске алыңыз стипендия ээлери өзүнүн жынысындагыдай башка адам менен эки адамдык бөлмөгө жайгаштырылат. Мейманканага катталуу учурунда бөлмөдөгү кошунаңызды тандасаңыз болот(эгер бул мейманкана тарабынан мүмкүн болсо).

Дареги

Өзбекистан, Ташкент, Бүйүк Туран көчөсү 56 (өзбекче аталышы: Buyuk Turon), 100029,

Мейманканадан жыйын өтүүчү жерге жетүү үчүн №1 автобус менен «Мырза Улукбек» бекетине чейин барып, Махтумкули проспекти менен 1.1 км жөө бассып же «Космонавтлар» метросу менен жетип барса болот.