Jump to content

Жалпы жүрүм-турум кодекси/КБС

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Universal Code of Conduct/FAQ and the translation is 100% complete.
Жалпы жүрүм-турум кодекси

Макулдашуу

1. Кыймылдын стратегиясынын Кыймылдын уставы сыяктуу демилгелери менен макулдашууларына ЖЖТКнын кандай тиешеси бар?
ЖЖТК — 2030-жылга чейинки Викимедианын стратегиясын талкуулап, иштеп чыгууда жамааттын негизги демилгеси. Кыймылдын стратегиясын талкуулоодон келип чыккан үчүнчү сунуштама — жамааттардын ичинде коопсуздукту жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу болгондуктан, жүрүм-турум кодексин иштеп чыгуу эң артыкчылыктуу демилге деп таанылган. Жалпы жүрүм-турум кодексин макулдашуу менен катар Кыймылдын стратегиясынын Кыймылдын уставы сыяктуу башка демилгелери да глобалуу талкууланган.
2. Макулдашуучу жамааттар эмне негизинде тандалып алынган?
1-этаптагы жергиликтүү макулдашуу үчүн жамааттар бир нече факторлорлордун негизинде тандалган, алардын катарында өнүгүү темпи жана жүрүм-турумду жөнгө салуучу эрежелердин өнүккөндүгү. Ал тууралуу толук маалыматты бул жерден караңыз. Ошондой эле, жергиликтүү макулдашуучу жамааттын тилин билген квалификациялуу координаторлордун болушу да эске алынган.
1-этаптагыдай эле, 2-этап үчүн жамааттарды тандоодо көптөгөн факторлор эске алынган. Биринчиден, ар кайсы тилдеги Викимедиа долбоорлорундагы жергиликтүү эрежелердин аткарылышын камсыз кылуучу тутум эске алынган. Ар кандай көз-караштарды чагылдыруу үчүн ар кандай деңгээлдеги укук колдонуу практикага ээ жамааттардын өкүлү катары координаторлор тандалган. Квалификациялуу координаторлордун болушу жана кеңири географиялык камтууга умтулуу да роль ойногон.
3. Викимедиа фонду ЖЖТК бардык Викимедиа долбоорлору менен чөйрөлөрүндө колдонулат деп жарыялады беле?
Ооба. ЖЖТК Колдонуу шарттарынын бир бөлүгү болгону жаткандыктан, жамааттар глобалдуу саясаттан баш тарта алышпайт. Колдонуудагы жергиликтүү эрежелер же практика ЖЖТКга каршы келсе, анда бул маселени убагында карап, чечүү үчүн процесстин башында айтылышы керек. Викимедиа кыймылынын бардык долбоорлорунда жана иш-чараларында колдонула турган саясат болгон ЖЖТК 2021-жылдын 2-февралында Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген. ЖЖТКны колдонуу мейкиндиги 1-этаптагы ЖТК долбоорун макулдашуу процессинде айтылып келген, ошондой эле Мета, wikimedia-l жана ар кайсы тилдеги долбоорлордо жарыяланган. Кайсы чакан жана орточо вики сайттарда жарыяланганын бул жерден көрсөңүз болот. Чоң жамааттар менен макулдашуулардын чоо-жайын бул жерде.

Котормо

4. ЖЖТК жана ага тиешелүү документтер бардык тилдерде жеткиликтүү болобу?
ЖЖТКнын долбоордук тобу котормо агенттиктеринин жана ыктыярчы котормочулардын жардамы менен, бардык негизги документтерди жана кулактандырууларды мүмкүн болушунча көбүрөөк тилге которгонго аракет кылат. Бул иш көп убакытты талап кылгандыктан, аны өзүбүз бүтүрө албайбыз. Материалдарды которуп, жаңы тилде жеткиликтүү кылгысы келген ыктыярчылар ucocproject(_AT_)wikimedia.org электрондук почтасы аркылуу кайрыла алышат. Бардык материалдарды бардык тилдерге которуу мүмкүн эмес болсо да, аны көздөйбүз.
5. Котормодо айырмачылыктар же карама-каршылыктар болгон учурда долбоордун кайсы тилдеги нускасы расмий болуп эсептелет?
ЖЖТКнын, ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөрдүн жана аларга тиешелүү барактардын мүмкүн болушунча көбүрөөк котормолорун жарыялоо үчүн ЖЖТК командасы аракет кылууда. Бирок, котормолор жеткилең эмес, ошондуктан которууларды аяктоо үчүн бир катар стратегияларды (которуучу агенттиктер, ыктыярдуу котормочулар, персонал ж.б.) колдонуудабыз, алардын ар бири тактык жагынан өз өзгөчөлүктөрүнө ээ. Жамааттардан карама-каршылыктарды аныктап, оңдоодо жардам берүүнү жана ал иш аякташы үчүн убакыт керек экенин түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Бул иш аяктаганга чейин англис тилиндеги нуска расмий нуска бойдон кала берет.

Ишке ашырылышын камсыз кылуу

6. ЖЖТКнын ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча кандай пландар бар, анын ишке ашырылышы үчүн ким жооптуу?
Фонддун Камкорчулар кеңешинин (мындан ары — Кеңеш) көрсөтмөлөрүнө ылайык, ЖЖТКны ишке ашыруу, анын долбоору Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 2-февралында бекитилгенден кийин башталган экинчи этабынын приоритети болуп саналат. Бул Викимедиа жамааттары ЖЖТК кандайча колдонуларын, чечмеленишин жана жергиликтүү деңгээлде аткарылышын аныктайт дегенди билдирет. Бардык кызыкдар тараптар жана жамааттар жамааттын учурдагы практикасы, саясаты жана жол-жоболору менен шайкеш келүү үчүн талкууга жигердүү катышууга чакырылат. Акыры, ЖЖТК жана анын ишке ашыруу стратегиялары бүт Викимедиа кыймылы үчүн негиз болууга максатталган. Долбоордун айрым жамааттарына ушул аракеттерден тышкары өз жүрүм-турум кодекстерин иштеп чыгуу мурункудай эле сунушталат.
7. ЖЖТКны чыныгы жашоодо бузуу кантип каралат, мисалы, Достук мейкиндик саясаты да жөнгө салган Викимедиа фондунун же аны менен аффилирленген уюмдардын иш-чараларында? Кайсы саясат артыкчылыкка ээ болот?
ЖЖТК минималдуу көрсөтмөлөрдү бергендиктен, ар дайым жергиликтүү эрежелер менен таанышып, зарылдыкка жараша аларды кабыл алыныш керек. Бул кайсы болбосун Викимедиа долбоорундагы жүрүм-турумга тийиш болгондой эле иш-чараларга да тийиш. ЖЖТК жергиликтүү эрежелер же аткарууну камсыз кылуучу механизмдер көйгөйлөрдү чечүү үчүн жетишсиз болгон учурларда гана колдонууга арналган.
8. ЖЖТКны бузуу тууралуу купуя билдирүү Викимедиа жамаатынын эркин жана ачык-айкын (мисалы, барактын тарыхын каалаган көрө алган) маданиятына каршы келбейби?
Билдирүүлөр бир катар себептерден (инсандыкты аныктоочу маалыматты ачыктоо же жашыруу зарылдыгынан, зыян келтирүү коркунучунан жана башка сезимтал маселелерден) улам купуя кабыл алынууда. Мындай билдирмелер Ишеним жана коопсуздук бөлүмүнө/Юридикалык бөлүмгө, чекюзерлерге, ревизорлорго, арбитраждык комитеттерге жана башка ыйгарым укуктуу адамдарга жана органдарга дайыма жөнөтүлүп турат. Колдонуучулардын басымдуу бөлүгү кастыкты күчөтпөш үчүн кодулоо тууралуу жалпыга ачык билдирүүдөн баш тартышты. Ачык-айкындык менен кодулоодон жабыркагандарды коргоо милдетин тең салмакташтыруунун зарылдыгын изилдөө 2-этаптын маанилүү маселеси болгон.
9. ЖЖТКнын ишке ашырылышы үчүн жооптууларга Викимедиа фонду кандай колдоо көрсөтөт?
Фонд ЖЖТКны өнүктүрүүнүн бардык этаптарында: саясатты иштеп чыгууда, ишке ашыруу боюнча макулдашууда, андан кийин ишке ашыруу механизмдеринин талаптагыдай иштешин камсыз кылууда колдоого умтулат. ЖЖТКнын ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн айрым кадамдар жасалууда. Бул ЖЖТКны ишке ашырылышына жооптууларга колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Мисалы, Фонддун Жамаатты өнүктүрүү командасы пилоттук онлайн окутуу программаларын ишке киргизди. 2-этаптагы макулдашууларыбызда жамааттын муктаждыктарын жакшыраак түшүнгөн сайын, кандай колдоолорго артыкчылык берилиши керектигин жакшыраак түшүнөбүз.

Мезгил-мезгили менен кайра кароо

10. ЖЖТК иштелип чыккандан кийин мезгил-мезгили менен кайра каралып, өзгөртүлүп турабы? Андай болсо, ал үчүн ким жооптуу болот?
Ооба. Ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөрдүн ратификацияланышынан бир жыл өтөрү менен Фонддун юридикалык бөлүмү аны жана ЖЖТКны кайра карап чыгат. Кыймылдын стратегиясын иштеп чыгуу процессинде сунушталган башкаруу түзүмдөрүнүн калыптануусу кайра карап чыгуунун түрткүсү болушу мүмкүн.
11. Саясаттарды ыкчам өзгөртүү зарылдыгы келип чыкса, аларды ким кайра карап чыгат?
Фонддун башка саясаттары сыяктуу ыкчам өзгөртүү өтүнүчтөрүн Фонддун юридикалык бөлүмүнө жөнөтсөңүз болот. Юридикалык бөлүм мурда жамаат демилгелеген өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууларды жүргүзгөндүктөн (мисалы, 2014-жылы Колдонуу шарттарына жалданып катышуу маселеси боюнча өзгөртүүлөр киргизилген), анын мындай процесстерди камсыз кылуучу түзүмү жана жол-жобосу бар.

Жергиликтүү эрежелерге каршы келиши

12. Жергиликтүү эрежелер ЖЖТКга каршы келсе эмне болот?
ЖЖТК Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин, бардык Викимедиа жамааттарына алардын колдонуусундагы саясаттары ЖЖТКга дал келишине карап чыгуу сунушталат. Жамааттар ЖЖТК менен чектелбестен кыйла так эрежелерди иштеп чыгышы мүмкүн, бирок алар ЖТКда аныкталган негизги стандарттарга дал келиши керек. Керек болсо, жамааттар менен Фонд саясаттарды шайкештирүүнүн үстүнөн чогуу-чаран иштей алышат. Долбоор аякташына чейин Фонд жардам берүүгө даяр болот.
13. ЖЖТК жергиликтүү эрежелери жана көрсөтмөлөрү бар долбоорлорго тийиш болобу?
ЖЖТК Викимедиа кыймылы үчүн эң негизги жүрүм-турум стандарттарын аныктоого максатталган. Жакшы иштелип чыккан эрежелери бар долбоорлор, адатта, ЖЖТКнын күтүүлөрүнө туура келет же ашат, ошондуктан глобалдуу саясатка шайкеш келүү үчүн жергиликтүү эрежелерге көп өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн кажети жок.
14. Ар бир Викимедиа долбоорунун өз колдонуучулары тарабынан өз керектөөлөрүнө жараша иштелип чыккан жүрүм-турум көрсөтмөлөрү жана эрежелери бар. ЖЖТК ошол көрсөтмөлөр менен эрежелерди өзгөртөбү?
ЖЖТК колдонуудагы натыйжалуу жүрүм-турум стандарттарын алмаштырууга багытталган эмес. Тескерисинче, ЖЖТК бардык долбоорлор үчүн, айрыкча, жүрүм-турум стандарттары жетишсиз же такыр жок долбоорлор үчүн негизги стандарт болуп берет. Жамааттар ЖЖТКны маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген ченемдерди иштеп чыгууга колдонушу же зарылчылыкка жараша колдонуудагы көрсөтмөлөрдү жөндөшү мүмкүн.
15. ЖЖТК жамаатыбыздын керектөөлөрүн 100 % канааттандырбасачы?
Албетте, ЖЖТК жамааттын бардык муктаждыктарын канааттандыра албайт. ЖЖТК келечекте өзгөрүшү мүмкүн. Жамааттарга ЖЖТКны кошумчалаган эрежелерди иштеп чыгуу сунушталат. Мисалы, ЖЖТКда: «‎Сизге жеке түзөтүүчү катары гана эмес, бүтүндөй Викимедиа жамааты үчүн эң жакшы нерсеге көңүл бурушуңуз керек» деп айтылышы мүмкүн. Бул абдан кеңири түшүнүк. Викимедиянын көпчүлүк долбоорлорунда кызыкчылыктардын кагылышуусу сыяктуу алда канча так жана даана эрежелер бар. Долбооруңузда мындай сыяктуу эрежелер жок болсо, ЖЖТКнын мындай туюндурмалары чыр-чатактар үчүн болгон эле эреже болуп берет. Мындан тышкары, ЖЖТК ушул же башка маселелер боюнча так жана даана эрежелерди иштеп чыгуу үчүн жакшы эскертүү болушу мүмкүн.
16. ЖЖТК бардык маданий контексттерге кантип ылайык келет?
ЖЖТК бардык маданий контексттерге туура келбей калышы мүмкүн, бирок иштеп чыгуучулар аны мүмкүн болушунча инклюзивдүү кылууга аракет кылышкан. ЖЖТК командасы ар түрдүү маданияттын өкүлдөрү болгон жамааттар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын пикирлерин укту. ЖЖТК долбоорун иштеп чыгууда иштеп чыгуучу комитет аталган пикирлерди эске алган. ЖЖТК долбоорунда кандайдыр бир маданий кемчиликтерди тапсаңыз, муну Жалпы жүрүм-турум кодексинин негизги талкуу барагына жазыңыз, алар биринчи же кийинки жылдык кайра карап чыгууларда эске алынышы мүмкүн.

Колдонуу шарттарын кайталоо

17. Колдонуу шарттарынын «Айрым иш-аракеттерден оолак болуу» деген 4-бөлүмүндө жүрүм-турум эрежелери аныкталып турат, ошондо ЖЖКТнын эмне кереги бар?
Колдонуу шарттарынын 4-бөлүмүндө айрым жүрүм-турум, ошондой эле автордук укуктун бузулушу жана жалданып катышуу сыяктуу маселелер жөнгө салынат. Бирок, ал баарын жөнгө салат деп айтууга болбойт. Жалпы жүрүм-турум кодекси жүрүм-турумга талаптарды так аныктоо менен Колдонуу шарттарынын 4-бөлүмүн колдонууну жеңилдетүүгө максатталган.
18. Эмне үчүн Колдонуу шарттарынын 4-бөлүмүн жаңыдан жазып чыгуунун ордуна ЖЖТКны иштеп чыгуудабыз?
Колдонуу шарттары кыска-нуска болушу үчүн, айрым ченемдерди башка документтерге бөлүштүрүү туура келди. Мисалы, лицензиялоону жөнгө салуучу ченемдер жалпы Лицензиялоо саясаты менен Викиказынанын Лицензиялоо саясатына шилтеме катары берилген. Ошондо, Колдонуу шарттарына макул болуу аталган саясаттарга да макул болууну билдирет. Жалпы жүрүм-турум кодексинин бөлөк болгону, жүрүм-турум ченемдерин зарылдыкка жараша кыйла так аныктоого жана Викимедиа кыймылынын өзгөрүп турган муктаждыктарына ылайык келтирип турууну жеңилдетет.

Викимедиа фондунун катыштыгы

19. Эмне үчүн Викимедиа фонду ЖЖТКны иштеп чыгууга катышкан?
Камкорчулар кеңеши Викимедиа фондуна бул процессти колдоп берүүнү суранган. ЖЖТК долбоору ыктыярчылардан жана Фонддун кызматкерлеринен турган комитет тарабынан Кыймылдын стратегиясын иштеп чыгуу процессинде жамааттын мүчөлөрүнөн келип түшкөн сунуштамалар негизинде иштелип чыккан.
20. ЖЖТКны бузган адамга Викимедиа фондунун «иш жүзүндө» кандай чара көрөт?
Викимедиа фонду ЖЖТКны бузуулардын көпчүлүгүн карабайт. Алар жергиликтүү жамааттардын же глобалдуу ыйгарым укуктуулардын кароосунда болот. Азыркы учурда, Колдонуу шарттарын бузуу ушундай эле тартипте каралууда. ЖЖТКны ишке ашыруунун чоо-жайы Ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөрдүн ратификацияланышы менен аныкталат.
21. ЖЖТК добушка коюлабы?
ЖЖТК 2021-жылдын февралында Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилип, колдонууда. ЖЖТКны ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөрдүн долбоору 2023-жылы ратификациялоо процессинен өтөт, бул Викимедиа долбоорлорунун арбитрлеринин 2021-жылдын апрелинде Камкорчулар кеңешине жолдолгон ачык катындагы өтүнүчүн ишке ашырат.

Жүзөгө ашыруу

22. ЖЖТКнын ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөр кандай?
ЖЖТКны ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөр алдын алуу иш-чараларын (ЖЖТК тууралуу кабардарлыкты арттыруу, ЖЖТК боюнча окутууларды уюштуруу ж.б.) жана процессуалдык иш-чараларды (арыздануу, бузуу жөнүндө билдирмелерди кароо, бузууга карата чараларды аныктоо ж.б. процесстерин тактоо) камтыйт.
23. Көрсөтмөлөр канчалык көп жаңырып турат?
ЖЖТК менен көрсөтмөлөр мезгил-мезгили менен кайра каралып турат, анын ичинде күчүнө киргенден кийин бир жыл ичинде.
24. ЖЖТКнын аткарылышын ким көзөмөлдөйт?
U4C деп белгилүү Жалпы жүрүм-турум кодекси боюнча координациялык комитет. U4C ЖЖТКны бузуу тууралуу билдирүүлөрдү көзөмөлүнө алып, кошумча териштирүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрө алат. UС4 ЖЖТКнын ишке ашырылышын тынымсыз көзөмөлдөп, баалап турат, натыйжада Викимедиа фонду менен жамаатка ЖЖТКга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап чыгууну сунушташы мүмкүн. Зарыл болгондо, U4C Викимедиа фондуна иштерди кароодо жардам берет. U4C ЖЖТКны өзгөртө албайт, Фонд менен аны менен аффилирленген уюмдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди кара албайт, ЖЖТКны кыйгап өткөн же көз жаздымда калтырган эрежелерди түзө албайт жана ЖЖТКга же аны ишке ашырууга тиешеси жок маселелер боюнча иш алып бара албайт.
25. ЖЖТК боюнча координациялык комитет арбитраждык комитеттер сыяктуу башка чечим кабыл алуучу органдар менен кантип иштешет?
U4C анын чечимдеринен жогору турган чечимдерди кабыл алуучу орган жок болгон учурда (мисалы, арбитраждык комитети же ал сыяктуу жол-жобосу жок жамаат учурунда) аяккы чечим чыгаруучу орган же анын чечимдеринен жогору турган чечимдерди кабыл алуучу органдар иштерди өткөрүп бере турган жер болууга максатталган. U4C иштеп жаткан укук колдонуучу түзүмдөр чече албаган олуттуу тутумдуу маселелер боюнча чечим кабыл алуучу органдын функциясын да аткарат.
26. ЖЖТК боюнча координациялык комитет кантип түзүлөт?
Иштеп чыгуучу комитет U4C түзүү комитетин түзүүнү жактаган. U4C түзүү комитети жамааттын Фонд менен биргеликте U4Cни түзүү алкагында иштеген мүчөлөрүнөн турат.